Понедельник 20 Февраля 2017 г, 12:24:25

13-14 августа 2018 г. в г. Вена состоялся кыргызско-австрийский бизнес форум в сфере строительства, в котором приняли участие кыргызские предприниматели-члены «Жаш ишкерлер ассоциациясы» и представители австрийских компаний.

Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев сегодня, 3 августа, встретился с главой Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке, послом Пьером фон Арксом. 

2017-жылдын 14-августунда Вена шаарында Кыргыз Республикасынын  Австриядагы  Атайын  жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Вена шаарынын Дипломатиялык академиясынын Мүдүрү Элчи Эмил Брикс менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын ТИМ жана Вена шаарынын Дипломатиялык академиясынын ортосунда илимий-педагогикалык  кызматташтыкты  түзүү маселелерин талкууга алышты.
Эки тараптын тең дипломатиялык академиясынын студенттери менен алмашууга байланыштуу, ошондой эле кийинки кезектеги окуу гранттарын бөлүп берүү  жана жеңилдетилген шарттарда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө тууралуу маселелер талкууланды.
Элчи Э. Брикс 2018-жылы илимий адистер менен бирге Кыргызстанга барып келүү ниетин билдирип, үстүбүздөгү жылы Венанын дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси профессор Маркус Корнпробсттун  Бишкеке боло турган  иш  сапарын уйуштуруу пландары менен бөлүштү.
Элчи Э.Брикс   Венанын  Дипломатиялык академиясынын негизинде, Элчилчктин Кыргызстанга арналган семинар жана көргөзмөлөрдү уйуштуруу боюнча  демилгелерин  колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди
 

 

dipakademie

С 1 сентября 2017 года в Кыргызстане действует система «Электронная виза».

«Электронная виза» значительно упростила приезд в нашу страну иностранных туристов и бизнесменов, позволила сократить временные и материальные затраты при оформлении виз. За время работы системы, электронным путем выдано более 20 тысяч виз различных категорий, что свидетельствует об успешности работы «Электронной визы».

2017-ж. 11-августунда Вена шаарында Элчи Бакыт Джусупов Австриянын Федералдык соода палатасысынын КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык жетекчиси Михаэл Ангерер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрушүндо тараптар  товар жүгүртүүнү жогорулатуу, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу өңдүү ар кыл  маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстандын товарларынын экспортун жайылтуу максатында Австриянын мыйзам талаптарын, Кыргызстандан келген  куру жер-жемиштерди, текстилдик буюмдарды жана башка тамак-аш азыктарын  Австрияда сатып өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолушту.
Инвестиция маселесин көтөрүү менен, тараптар  «Таза Коом»  Улуттук долбоорунун курам бөлүгүнө катышуу  мүмкүнчүлүгүн текшерүү максатында,  IT  тармагындагы австриялык компаниялардын  келе жаткан күз мезгилинде Кыргызстанга болгон иш сапарын уюштуруу зарылчылыгын өз ара түшүнүшүүгө жетишишти. 
Мындан тышкары, Австрия соода палатасынын колдоосу менен тараптар келе жаткан жылы Вена шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн жана ишкерлердин катышуусунда бизнес форум өткөрүүнү макулдашышты.
Ошондой эле  Кыргызстандагы австриялык  Соода кеңешчиси тарабынан пландалган, кичи жана орто гидротехникалык курулуштар боюнча  атайын семинардын ILF Consulting Austria GmgH – австриялык компаниясы  тарабынан Бишкек шаарында  өткөрүү иш-чарасы талкууга алынды.
Маектешүүнүн жыйынтыгында тараптар  соода-сатык жана экономика тармагында колдо болгон баардык дараметин колдонуу боюнча толук күчүн жумшоого  жана өз ара  тыгыз аракеттенүүнү  улантууну макулдашышты. 
 
angerer
 

Кош келиңиздер!

Вена шаарындагы Кыргыз Республикасынын Австрия жана Венгриядагы Элчилигинин, ЕККУнун алдындагы жана башка эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн расмий баракчасына кош келиңиздер.

Биз өзүнүн кооз жана кайталангыс жаратылышы, меймандос жана айкөл калкы менен суктандырган, Евразия континентинин ортосунда жайгашып, асман тиреген улуу Тянь-Шань тоолору менен курчалган өлкөнүн өкүлчүлүгүбүз. Бүгүнкү күндө, Кыргызстан – өзүнүн калыптануусунда эски жана бай тарыхка ээ болгон, демократия жолунда ылдам өнүгүп бара жаткан көчмөндөрдүн заманбап өлкөсү.

2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Австрия жана Венгрия менен кошо бир топ мамлекеттин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз шарттары күчүнө кирген. Биз туристтерди, студенттерди, ишкерлерди жана башка биздин өлкөгө барып көрүүнү каалаган бардык конокторду жылуу тосуп алууга дайыма даярбыз.

Биздин Элчилик сиздерди толук маалымат, ар түрдүү деңгээлдеги пайдалуу байланыштар менен камсыздоого, берилген суроолорго так жооп берүүгө бүтүн аракетин жумшайт жана Кыргызстандагы күндөрүңүздүн жагымдуу өтүшүнө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтөт.

ПАЙДАЛУУ БАЙЛАНЫШТАР